Дүйнөдөгү эң кымбат 10 суюктук

Жер планетасынын 70,8 пайызын суу түзөт. Ал эми адамдын организминин дагы 70тей пайызы суюктуктан турат. Дүйнө жүзүндө канчалаган изилденген жана али изилдене элек суюк заттар бар дейсиз? Ушул кезге чейин изилдеген суюк абалдагы заттардын эң кымбат тургандары кайсылар экенин талдап көрдүк. Кызыгы, адам каны принтерге куюлучу сыядан да арзан экен. Төмөндө саналган суюктуктардын 1 литри АКШ доллары менен канча турарын көрсөтөбүз.

10. Тырмак үчүн лак

1 литри 240 доллардын айланасында. Мындай караганда мунун эмнеси кымбат деп ойлойсуң. Тырмак боёочу лакты жаккан түсүнөн сатып алып, аны аягына чейин түгөтө колдонгон айымдар аз кездешсе керек. Көпчүлүк айымдар лактын бөтөлкөсү жарымынан ылдыйлаганда, катып же коюуланып кеткенде таштандыга чыгарып коюшат. Тырмак боёочу лак нитроцеллюлоза затынан жасалат. Аталган зат була сымал борпоң, ак түстө кездешет. Иштетүүнүн бир нече стадиясынан өткөн соң, нитроцеллюлоза тырмакка сүргөндө текши жайылып, катып кала турган абалга келет.

9. Адамдын каны

1 литри 400 доллардын айланасында. Жалпы коомчулуктун пикиринде, адам каны арзанга татый турган эле суюктук. Анткен менен адам канынын баасын жардамга муктаж, жакындарына кан керек болуп, айласын таппай ары-бери чуркап калган адамдар жакшы билишет. Кан эмнеге кымбат суюктуктардын катарына кирерин аны донорлордон акча төлөп чогултуу, группасына жараша бөлүштүрүп, сапатын түшүрбөй сактоо, бир аймактан экинчи аймакка ташуу процесстериндеги кыйынчылыктар менен түшүндүрсө болот.

8. Оксимайлуу кислоталардын гаммасы

1 литри 670 доллардын айланасында. Наркотикалык каражаттардын катарына кирген суюктук. Оксимайлуу кислотаны иштеп чыгуунун максаты аны медицинанын анестезия (операция алдында адамды уктатуу) тармагында иштетүү болгон. Акыркы учурда аталган кислотаны медицинада гана эмес, адамдар наркотикалык каражат катары колдонуп, аша чаап баратканда көпчүлүк өлкөлөрдө ээн-жайкын сатылышына тыюу салынган. Ошондой эле бул заттын тийиштүү өлчөмүн нарколепсия, айрым учурларда аракечтикти дарылоо үчүн колдонушат.

7. Принтерге куюлуучу сыя

1 литри 710 доллардын айланасында бааланат. Башка кеп болуп жаткан суюктуктарга караганда көбүрөөк тааныш болуп жатабы? Технология өнүккөнгө жараша басып чыгаруу үчүн принтерге канчалаган мекеменин күнү түшөт дейсиз. Адам канынан да кымбат турган бул суюктук да баасы жогору суюктуктарга кирет. Биздин шарт менен карап көрөлү. Принтерлерге орнотулчу картридждин орточо баасы 800 сомдон 2000 сомго чейин болот. Картриджди алып жатканда ичинде 70 граммдан өйдө өлчөмдөгү сыясы менен сатып аласыз. Сыяны сапатына жараша ар түрдүү баада тапса болот. Биз, албетте, сапаты эң жогорку сыя тууралуу кеп кылып жатабыз.

6. Сымап

1 литри 900 доллардын айланасында турат. Химик Д.И.Менделеевдин мезгилдик системиндеги 6-элемент. Сиз бул затты адамдын дене табын өлчөөчү термометрден көргөнсүз. Ал тургай сынып кеткен термометрден тунук тамчылар колго илешпей ары-бери тоголонгонун деле көргөндөр болсо керек, бирок мындай учур өзгөчө кырдаалдын катарына кирет. Сымап төгүлгөн жайды шарт боюнча ӨКМнын атайын кызматы же бөлүгү келип тазалап кетиши керек, себеби сымап бууланып абага тараса адамды ууландырат. Зыяндуулугуна карабай талап жогору болгондуктан, аталган зат кымбат суюктуктардын катарын толуктайт.

5. Инсулин

Инсулиндин 1 литри 2480 доллар турат дешет. Инсулин заты - адамдын ашказанынын алдындагы без иштетип чыгуучу гормон. Организмдеги дээрлик бардык ткань бул суюктуктун жардамы менен зат алмашуусун жөнгө салат. Эң негизги таасири канга байланыштуу. Эгерде инсулин заты нормада болбосо, анда кандагы глюкозанын курамы да бузулуп, адам кант диабети сыяктуу ооруларга чалдыгат.

4. Шанель №5 атыры

Бул атырдын 1 литрин 6755 АКШ долларына баалашат. Айымдардын арзуусуна айланып, жыпар жыттуу атырлардын алдынкы сабын ээлеген Шанель №5 атыры сатыкка 1922-жылы чыккан. Атактуу француз модельери Коко Шанель тарабынан негизделген бул атырдын курамына 80дей татаал аралашма кошулган. Аралашманын курамына эң кымбат деп эсептелген жүз жалбырактуу роза да кирет.

3. ЛСД-диэтиламид

Бул заттын 1 литри 32 500 доллардын айланасында. ЛСД-диэтиламид - адамдын борбордук нерв системин козгоочу зат. Аны психотроптук ооруларды дарылай турган каражаттарды жасоо максатында иштеп чыгышкан. 1960-жылдары бул затты колдонуу мода болуп, жаштардын сүйүктүү баңги каражатына айланган. Коомчулукта ЛСДны колдонгон муунду “гүл балдар” деп атоо башталат. Мындан соң бул затты да ачык сатууга тыюу салынган. Албетте, литрлеп сатып алган эч ким болгон эмес. Ошентсе да мунун 1 литри 15 миң адамдын “мээсин айлантып” койгонго кудурети жетет.

2. Падыша кобрасынын уусу

Мунун 1 литри 40 300 доллардын айланасында. Адамды бул кобра чагып алса, уусу организмге 15 мүнөттө тарап, өлүмгө алып келет. Баса, алп жаныбар катары эсептелген пил дагы падыша кобрасынын уусунан 3 сааттын ичинде жан берет. Кобранын уусу атайын питомниктерде алынып, ар түрдүү ооруларды дарылоо үчүн медицина тармагында колдонулат.

1. Чаяндын уусу

1 литринин баасы 10 миллион 300 миң доллардын айланасында. Чаян өзүн коргоо үчүн жана курмандыгына аңчылык кылуу үчүн уусун колдонот. Миңдеген түрүнүн ичинен 25и гана адамга коркунуч жаратып, өлүмгө алып келген ууну иштетип чыгуу касиетине ээ. Эмне үчүн бул уу ушунчалык кымбат бааланат? Чаяндын уусун бөлүп алуу процесси абдан кыйынга турган иш жана ага болгон талап өтө жогору. Чаяндын уусунун курамындагы белок кызыл жүгүрүк, инсульт, ичеги-карындардын сезгениши, ал тургай мээнин рагы сыяктуу ооруларга дагы дарылык касиети бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Urmat_83
2016-09-29 17:49:58
Билбейм канчалык кымбат болушпасын кан баары бир жогору турат мен учун.Атыр патыр уу пуусу жок жашай бересин каны жок жашап коруппузда
+8
Grand
2016-09-29 18:02:33
Сыя, лак жана атырдын эмне кереги бар деймда. Калганы кереги бар экен.
-2
Riokyrgyz
2016-09-29 18:05:43
Эн кымбат субктук бул суу.баасы арщан болгону менен жашоодо орду чон.
+12
ruslanz
2016-09-29 21:06:23
Бул тизмени керектуулугу боюнча эмес, кымбаттыгы б-ча тузулгон.
+7
Kuyoo_bala
2016-09-30 00:55:18
Сперма да кымбат.Сперма болбосо тукум курут болуп кетет адамдар.
+4
Abdurahman
2016-09-30 08:09:53
Бардык нерсе керек болгон учурда кымбат. Бироого зар бироого кор дегендей.
+2
jibek.shami
2016-09-30 21:49:01
МЕН ЭМИ ЧАЯНДЫН УУСУН ЧОГУЛТАМ... ЭРКЕКЧЕ АНЫН ОКУУСУНА ОКУЙМ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан