"Google" компаниясы бүткүл дүйнөдөгү коомдук жайда бекер интернет тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан "Google Station" долбоорун тартуулады. Азыр аталган долбоордун алкагында Индиянын темир жол станцияларын камсыз кылууда. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында маалымдалат.
Учурда бекер Wi-Fi Индиядагы 52 станцияга орнотулган. "Google India`нын" маалыматына караганда, күн сайын интернет-станциялардын катарына 3,5 миллион колдонуучу кошулууда.
Долбоорду дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүү үчүн компания байланыш операторлору, соода борборлору, темир жол ишканалары жана башкалар менен келишим түзүүнү пландоодо. Ал эми мындай кызматка канча акча каражаты төлөнөрү тууралуу компаниянын билдирүүсүндө маалымдалбайт.