ЖЫЛНААМА, 30-СЕНТЯБРЬ: 132 жыл мурун төкмө акын Барпы Алыкулов туулган

Мындан 132 жыл мурун, 1884-жылы төкмө акын Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Акындын атасы өтө кедей болгондуктан, Барпыны жаштайынан эле ар кимге жалчылыкка берген.
Барпынын 1915-жылы кыргыз элинин улуу акыны Токтогул менен болгон жолугушуусу анын өмүрүндө зор окуя болуп эсептелген. Токтогулдун таасирдүү ырларын угуп, анын үлгүсүнөн үйрөнүп, бир топ таалим алган. Кийин ал “Токтогул жөнүндө ыр” деген 4 бөлүмдөн турган көлөмдүү поэма жазат. Бул чыгармасынын биринчи бөлүмүндө акын өткөн заманда бай-манап, бий-болуштар эл арасынан чыккан таланттуу адамдарды кордукта кармаганын баяндаган.
Акындын алгачкы ырлары көбүнчө өз башынан өткөн азаптарга, жан-жаныбарларга, сүйүүгө байланыштуу болсо, ал эми канаттуулар, айбандар жөнүндөгү “Бул куштардын санаты”, “Жырткычтар”, “Залим хандар азабы” сыяктуу айрым ырлардын башталышы атасынын тийгизген таасиринен жаралган. Өзгөчө анын “Жыйындагы биринчи ыр”, “Кара башыл эчки”, “Бада баккандагы ыр”, “Назарбай менен болгон айтыштар”, “Жетим кыз”, “Теңдик бир күн жарк этер”, “Жетим” деген ырлары өмүр жолундагы оор күндөрдүн элесин берсе, жаратылышты сүрөттөгөн адамдардын мүнөзүн баяндаган “Аккан суу”, “Күн”, “Шамал”, “Ажал” деген ырларында жаратылыштагы түркүн кубулуштарды, көрүнүштөрдү философиялык мааниде чагылдырган. Ал эми “Санат”, “Терме”, “Марттык”, “Баатырдык”, “Ынтымак”, “Болор жигит”, “Болбос жигит” деген санат менен насыят ырларында адамдардын жүрүш-турушу, кыял-жоругу, жаман-жакшы сапаттары баяндалган. Өз элинин өткөн доорун жакшы билгендиктен, анын “Кандардын каары” деген тарыхый ырында Кокон феодалдары хандык күтүп турган убактыларында бүткүл кыргыз элине алардын өтө мыкаачылык, наадандык менен өкүмзордук жүргүзгөндүгүн чагылдырат.
1930-жылдын аяк ченинен баштап Барпынын көз оорусу күчөп, өз алдынча эл аралап жүрүүгө мүмкүн болбой калат, бирок көкүрөгү тунук акын улам жаңы ырларды чыгара берет. Бала кездеги ырлары негизинен эки заманды салыштырууга арналса, согуш жылдары “Эр Жолон”, “Төрайым менен Шекербек” деген поэмаларды жараткан. Согуштан кийин “Аксаткын менен Кулмырза”, “Жалайыр жалгыз” деген элдик поэмаларды кайра иштеп чыгат.
Акын лирикалык ырларды жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик ырларга кайрылган, ошол себептүү “Буракжан”, “Мөлмөлүм”, “Мырзайым”, “Арзыкан”, “Ак жылдыз”, “Лөлүкан”, “Дилбарым”, “Өзгөчөм” деген ырлары тематика, стиль жагынан элдик ашыктык ырларга үндөшүп турат.
Барпы Алыкулов 1949-жылы 9-ноябрда 65 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан