Өлкө аймагында 29-сентябрдан 1-октябрга чейин тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан "Камкордук" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Рейддин алкагында мектепке барбай, базар, интернет-клуб жана көчөдө жүргөн жаш балдарды аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 30-сентябрда билдиришкендей, рейддин алгачкы күнүндө мектепке барбай, базарда иштеп жүргөн 24 өспүрүм аныкталган, дагы 2 бала көчөдө жүргөн жеринен токтотулган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан "Ош базарынын" аймагынан 1 саат убакыт аралыгында 14 өспүрүм аныкталган. Алардын ичинен тогузу шаардагы мектептердин окуучулары, калганы Сокулук, Аламүдүн жана Москва райондорундагы мектеп окуучулары болгон. Алар менен тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, аты-жөндөрү, жашаган жерлерин жана окуган мектептерин аныктоо иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.