Бишкек шаарында эртең Карылар күнүнө карата "Күзгү вальс" аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлөт

Бишкек шаарында эртең Карылар күнүнө карата "Күзгү вальс" аталышындагы маданий иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Карыларга жагымдуу маанай тартуулоо максатында Эмен сейил багында салтанаттуу иш-чара уюштурулат. Аталган иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгы өткөрөт. Мында карылар үчүн көңүл көтөргөн ыр-бий тартууланат. Салтанатты үйлөмө аспаптар оркестри коштойт", - деп билдирди Калперизат Айдарбекова.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда 50 жылдан ашуун чогуу жашаган түгөйлөрдү куттуктоо аземи уюштурулмакчы. Аларга атайын белектер берилет. Ошондой эле 90 жаштан ашкан карылар сыйланып, аларга өзгөчө белектер тартууланат.

Эске салсак, Карылар күнү эртең, 1-октябрь күнү белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан