Муз каптап жаткан Антарктида - Жер планетасындагы эң суук аймак (фото)

Муз каптап жаткан Антарктида - Жер планетасындагы эң суук аймак. Аталган аймак аба ырайынын эң катаалдыгы менен белгилүү. Буга чейин сууктун көрсөткүчү 1983-жылы -89,2 градуска жеткен. 2010-жылы америкалык изилдөөчүлөрдүн жыйынтыгы менен 10-августта эң төмөнкү сууктун көрсөткүчү -93,2 градус болгон. Мындай суук дүйнөнүн эч бир жеринде кездешпейт. Аталган аймактын орточо температурасы -49 градустун айланасын көрсөтөт. Жай айынын эң ысык маалында Антарктидада -35 градус болот.

Материкке күндүн нурлары кыйыр түшөт. Антарктида деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турат. Муз каптаган Антарктида 14 миллион чакырым чарчы аянтты ээлеп жатат. Анын 98 пайызын муз каптап турат. Муздун орточо калыңдыгы 1-2 чакырымга жетет. Антарктиданын жылуу аймактарында тюлень, морж, ак аюу, пингвин сыяктуу жаныбарлар жашайт.

Адистердин айтымында, Антарктида материгинде күндүн жылышы күтүлөт, бирок мындай өзгөрүү кийинки 100 жылдыкта болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
seni.gana
2016-09-30 14:23:25
Пингивиндерге тизилгиле суротко тушобуз деген окшойт
+17
Oylonkyrgyzym
2016-09-30 14:53:53
seni.gana, жардынго ))))
+2
Badr
2016-09-30 16:05:28
seni.gana,))))чындап эле ошенткен окшойт а?
0
Oylonkyrgyzym
2016-09-30 14:55:24
Ушул жерге барып жашаш керек экен.))
+1
Isken.der
2016-09-30 16:15:30
Эх бул дүйнөдө керекметтүү, кызыктуу жерлер көп. Муз болсо да, суук болсо да баргым келип кетти.
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2016-09-30 16:23:05
Пингвиндер тукум басып жатышат. Эки бутунун ортосуна коюп,жерге тушурбой устуно отуруп алышат. Эн кызыгы бирден гана тукум басышат. Аны да корозу менен мендиги алмак-салмак басып,балапан чыгарышат.
0
Neizvestno777
2016-09-30 16:47:52
Экинчи суроттогу куш тонуп калбадыбы
0
Kroxa
2016-09-30 18:44:23
Кийинки жуз жылдыкта ээрисе топон суу каптайт да,биздин касиетту адамдар Калыгул бай уулу эчак эле козу жетип айтып койгон,,
+1
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-01 01:18:15
Kroxa, ал не деп айтты эле?
0
vangolu
2016-10-01 13:53:42
Lekarstvosvoegomuja,атасынан баласы тапан чыгаар деген.элдер асманда учушат деген.самолетту айткан.адамдар бара бара кичирейет деген.дагы толтура аны окуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан