Колумбиялык хирургдун операция учурунда бийлеп жаткан видеосу интернетке тарады. Видеодо эс-учун билбей жаткан бейтаптын жанында дарыгер жана медайымдын бийлеп жатканын көрүүгө болот.
Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, видеонун каармандары Дэвид Мажан жана анын ассистенти Анжелика Мехия болгон. Учурда Колумбия бийлиги окуя тасма үчүн тартылганбы же операция учурунда болгонун аныктоо үчүн териштирүү иштерин башташкан. Эгерде хирургдун жумуш учурунда бийлегени аныкталса, ага айып пул салынып, лицензиясынан өмүр бою ажыратылышы мүмкүн.