Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылынын жашоочусу Динислам Мухаммедалы уулу картошка казып, чөп чапкан трактор ойлоп тапты. Дыйкан учурда калкка кызмат көрсөтүүдө. Айыл чарба багытында дыйкандын жумушун жеңилдетүүнү ойлогон Динислам Мухаммедалы уулу атасы Мухаммедалы Исранов менен биргеликте бул техниканы жасап чыгышкан. Ал жасаган эмгеги жөнүндө бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына айтып берди.
"Биз айылда дыйканчылык менен алектенебиз. Атамдын бала кезинен ойлоп тапкыч жөндөмү болгон экен. Кийин инженерлик кесипти аркалаган. Бул тракторлорду жасоо атамдын идеясы. Ар бир тракторду бир ай аралыгында жасап бүттүк. Негизинен трактор эски унаалардын тетиктеринен жасалды. Ал эми мотордун кызматына ток бөлүп берүүчү генераторду орнотконбуз", - деп билдирди Мухаммедалы уулу.
Алдыда ойлоп табуучу ата-бала жүгөрү чабуучу трактор жасоону мерчемдеп жатышат. Буга чейин жасалган ар бир трактор үчүн 35 миң сом каражат кеткен. Учурда айылдын элинен буйрутма түшсө картошка казып, чөбүн чаап беришет. Жалпылап айтканда, 10 сотых аянттагы картошканы 250-300 сомго казып берет.