Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 3-7-октябрь аралыгында маал-маалы менен жол жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү боом капчыгайынын 120-чакырымында жол четиндеги жарлардан таштардын кулап түшүүсүнүн алдын алуу максатында таштар кулатылат. "Жол саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта маал-маалы менен жабылып турат. 30-40 унаа тизилип калган учурларда гана таштарды кулатуу иштери убактылуу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.