Ош облусунда райондор аралык “Улуу мурас” фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кароо-сынак үстүбүздөгү жылдын май айында Араван районунан башталып, облустун бардык район борборлорунда өтүп келген.
"Улуу мурас кароо-сынагын өткөрүүнүн максаты - коомчулуктун маданий, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу жана алардын руханий жан дүйнөсүн байытуу, азыркы өсүп келе жаткан жаш муундарга ата-бабалардан калган кыргыздын үрп-адаттарын, каада-салттарын көрсөтүү. Калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн диплом жана акчалай сыйлыктары ыйгарылды", - деп билдирди басма сөз катчысы Жумамүдүн Сулайманкулов.
Маалыматка ылайык, биринчи орунга Араван жана Өзгөн райондору жетишип, 50 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан. Экинчи орунду Ноокат жана Кара-Суу райондору камсыздаган. Ал эми баш байгенин жеңүүчүсү болуп Алай району табылып, диплом жана 70 миң сом менен сыйланган.