ЖЫЛНААМА, 1-ОКТЯБРЬ: 89 жыл мурун медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев туулган

Мындан 89 жыл мурун, 1927-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), Кыргыз УИАнын академиги (1993, мүчөсү 1989), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987) Мамбет Мамакеев Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Учурда КРнын Улуттук хирургиялык борборунда эмгектенип келет.

Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын "Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо", "Уйку безинин сезгениши" деген жана башка эмгектеринин мааниси чоң.
Мамбет Мамакеев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы" (1973) наамын алып, Республикалык хирургдар коомунун төрагасы (1980) болгон, ошондой эле Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Amankg
2016-10-01 09:09:22
Ден соолукта болунуз Уматуу Мамбет Мамакеевич. Биз сиз менен сыймыктанабыз
0
gordaya
2016-10-01 09:54:59
Кыргыздын сыймыгы! Ден соолукта болунуз!
0
alina79
2016-10-01 17:13:30
Бул киши пенсияга чыкканбы ардактуу эс алуудабы же дагы эле иштейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан