Нарын облусунда учурда 100 жаштан ашкан 29 жаран бар

Нарын облустук администрациясы 1-Октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Нарын облусунун тургундары, 100 жаштан ашкан Анипа Баймурзаеваны жана Зулайка Шайылдаеваны куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда аталган мекемеден билдиришти.

"Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну, 105 жаштагы Анипа Баймурзаеванын 10 уул-кызы, 66 небереси, 198 чөбөрөсү, 30 кыбырасы бар. Көп жылдар бою "Учкун" колхозунда эмгектенген. Ал эми Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл 100 жашта. Анын 9 баласы, 40 небереси жана 16 чөбөрөсү бар", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка таянсак, учурда Нарын облусунда 100 жаштан ашкан 29 жаран бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KaiMak
2016-10-01 11:18:52
Омурунуз озун болсун эч качан оорубаныздар.Биз да сиздердей узак жашайлычы...
+11
Manas230595
2016-10-02 01:33:51
KaiMak,uzak jawagan jakshy esli baldaryn jakshy karasa esli karai turganyn jok bolso uzak jawabai ele koigon jakshy naryndyktar den soolugu chyn okwoit baarybyzga nasip etsin
0
kirgizstan
2016-10-01 13:08:16
Аллахым ден соолук берсин,дагы да омур берсин.
Ылайым сиздер жашаган жаштан баарыбызга насип этсин.. Майрамыныздар куттуу болсун
+5
maks94.kb
2016-10-01 17:45:53
Кандай сонун Аллахка чексиз шүгүр
+2
Shirin_N88
2016-10-03 00:17:35
Кудайым баарыбызга ушул жашты насип кылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан