Өкмөттүн Таластагы өкүлү төө буурчактын баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди

Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында азык-түлүктөрдү сатуу, лабораторияларды куруу, мал чарбасындагы продукциялардын сапатын жакшыртып экспорттоо боюнча өкмөт бардык аракетин жумшоодо. Бул тууралуу 30-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусунун дыйкандары менен жолугушууда билдирди.

"Быйыл 1 килограмм төө буурчактын баасы 58 сомго чейин жетти. 2015-жылы ушул убакта 25-30 сом болгон. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри быйыл Аргентина жана Египет өңдүү мамлекеттерде төө буурчак жакшы түшүм бербегендиктен биздин өлкөдө баа көтөрүлгөнүн билдирди. Бүгүнкү күнгө карата экспортко 5652 тонна буурчак жөнөтүлгөн", - деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев облуста эки жерде жеке төө буурчакты таңгактаган чакан заводдор курулуп жатканын, алар ишке кирсе баа дагы жогорулай турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot..kg
2016-10-01 11:26:56
Фасольдун туйшугу аябай жаман экен. Бут баштан аяк ручной
+2
Arslan12
2016-10-01 12:11:52
Акчанын кучу кетсе которулот да окмот которбой эле!
+2
Rasul1987
2016-10-01 17:18:21
Arslan12,короче дагы эмизип коюшту, лапшаны кулакка илип кетти.
0
Elvanu
2016-10-01 12:38:50
Аллахым Насип кылып Мандай терибиз,менен тапкан акчабыздын берекесин берсин , Мээнетибизди актайт ,
+4
Elvanu
2016-10-01 17:38:30
Жакшы болду ,,кымбат болсо Келин башым мн талаага иштеп озум эле суугарып Тоо буурчакты иштейт элем талаада . Туркия , Россия тентибей ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан