Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: 3-октябрга чейин тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргыз жеринде 2016-жылдын 3-октябрына чейин мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертти.

"Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 27-сентябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ilgis1991
2016-10-01 16:24:10
Бизге смс келбеди го.
+2
Kroxa
2016-10-01 20:48:02
Эми келбесе да сак бол..уккан сон сактансан кудай сактайт...
+1
Boldukan86
2016-10-01 23:49:03
мага келди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан