Атактуулардын портретин жип жана мык менен тактайга түшүргөн Азамат Жаналиев кезектеги эмгегин жасады (фото)

Өнөрлүү жигит Азамат Жаналиев июль айында мык жана жип колдонуу менен Чеченстандын алгачкы президенти Ахмад Кадыровдун портретин тактай бетине түшүргөн (искусство String art деп аталат). Аны учурдагы президент Рамзан Кадыровдун колуна тапшырып келүү үчүн сүрөтчү Орусияга бет алган. Ал велосипед менен жолго чыгып, Казакстан, Орусия, Азербайжан жана Грузия аркылуу Чечен Республикасына жеткен. Президент менен жолугуу мүмкүн болбогондуктан, Азамат эмгегин президенттин администрациясына тапшырып, Санкт-Петербург шаарына жөнөгөн. Учурда сүрөтчү ушул шаардын тургундарын таң калтырууда.

Азамат Жаналиев жакында эле Пётр I`нин мык жана жип менен тактайга түшүрүлгөн портретин Санкт-Петербургдун тургундарына көрсөттү. Ал бул сүрөттү сата турганын билдирди.

Келечектеги пландары тууралуу ой бөлүшкөн Азаматтын кийинки сапары Түркияны көздөй болмокчу. Ал жактан Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн элесин тактай бетине түшүрөт.

Кошумчалай кетсек, сүрөтчү алгачкы эмгеги болгон Чыңгыз Айтматовдун портретин 88 миң сомго саткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Kichmando
2016-10-01 14:18:41
Өтө жогорку деңгээлдеги талантуу уста жигит экен! Азамат!
+10
tashi62
2016-10-01 14:24:07
Эмгек күчтүү экен .
+8
Seryi-Kardinal
2016-10-01 14:29:05
jakwy biznes oilop taap alyptyr
-13
Tansuluu09
2016-10-01 14:27:40
Нерви кучтуу окшойт.
Азаматсын!!! Ийгилик!
+12
beka1207
2016-10-01 14:30:09
Таланты го жакшы экен!
Бирок велик менен Рамзан Кадыровтун портретин ошо жака алпарып ал кабыл албай койгону уят эле!
Эмнеге алпарат ал жака?сый куттубу эмгегине?
+18
Urmat_83
2016-10-01 14:48:53
beka1207,Акча иштейин дептирда.Озу адамды тарткан болбойт.Рамзан деле аны уйуно илбейт болуш керек
+1
Belek2070
2016-10-02 11:48:59
Urmat_83, Ошол Рамзан Кадыровун атасынын суроту тартылган фудболкаларды спортсмендерине кийгизип бойлорго чыгарып эле журотко, неге болбосун сурот тут не причём, Кадыров адамгерчилиги жок киши экенин коргозуптур, ему кроме своих не нужно дегендей. Азаматты да тушунсо болот мунун да озунун бир пландары бар. Сурот бул тарых сурот аркылуу биз эски коп нерселерди коробуз элестетебиз, эскеребиз.
-1
Urmat_83
2016-10-02 13:40:27
Belek2070,Экоон ушунчалык эле тарткынар келсе кыргызда киши тугонуп калдыбы.Тарткыла каяктагы чеченди тартпай.Тартып алып неге барат аякка.Кошоматтанбай туруп турса ага жакса озу келип алып кетмек да
+4
nakiw
2016-10-01 16:00:51
beka1207,чын эле Рамзан кабыл албай койуптурбу?
+4
zhykyo
2016-10-01 14:45:45
Сатып алса экен эми жакшы экен деп кетип калышпай
+7
Riokyrgyz
2016-10-01 14:57:05
Бул жерде мен иштегем.жайкы каникулда.Петропавловский Крепость.деген тарыхый жер.Пётр 1 дин сарайында экен .Каап мен корбой калдым да
+1
gulbadam91
2016-10-01 15:10:17
Ишинизге ийгилик
+1
basyz-kaman
2016-10-01 15:22:14
Өнөрүң болсо өргө чап деген ушул да. Ишиңизге ийгилик!
+3
Boldukan86
2016-10-01 16:00:37
Рамзан Кадыров пас кеткиси келбегенго. озу болбосо да кол астындагыларга айтып сыйлык берип койсо болмок экен жолкиресин актап дегендей. бул да болсо умутда
+10
Ashka.
2016-10-01 18:48:48
Зарилби велик мн алып барып.
+5
Kroxa
2016-10-01 21:04:22
Велик менен эмне азап тартты поезд менен бар эч жок дегенде чеченстанга 3 суткада кирип бармаксын...(кызыыык,,,:-):-)
+1
AK-47.
2016-10-01 21:04:53
Велик менен барсам Джип подартетет деп ойлосо керекда
+6
33SUUN
2016-10-01 21:56:11
Мусулманчылыкта адамдын элесин бир нерсеге тушуруу куноо болот.Рамазан Кадыров мусулман.Калганы тушунуктуу болсо керек мусулман адамга,эмне учун кабыл албаганын.
+1
Belek2070
2016-10-02 11:52:31
33SUUN, Анда сен телефонуна да досторунду ата-эне бир туугандарынды суротко тартпада эгер куноо болсо.
-1
lolo.1
2016-10-02 03:12:22
Необычный экен баары таланты,иштоо убактысы,каерде иштегени,акча тапканы.азаматсыз
+2
barsa30
2016-10-02 14:46:53
Не Кадыров ушунчалык кыйын адамбы мен анча деле ага конул бурбаптырмын,атын угуп журсом дагы ..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан