Мындан 49 жыл мурун, 1967-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган. Ал республикада алгачкы уюштурулган өлкөбүздүн маданий жана көркөм өнөр мекемелерине керектүү, көп кырдуу билим алган, жогорку кесиптик деңгээли бар адистерди даярдоочу жогорку окуу жай болуп эсептелет. Окуу жай Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин 1967-жылы 30-августта кабыл алган “Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтун уюштуруу” жөнүндө №482-токтомунун негизинде ишке ашырылган. 1974-жылы окуу жайга СССРдин Эл артисти Б.Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган.