Октябрь айы жамгырлуу аба ырайы менен башталып, алдыда келе жаткан сууктан кабар берди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 3-октябрда да өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ошондой эле түнү менен улуп чыккан шамал бул күнү да кайталанат. Тактап айтканда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетип турмакчы.
Айыл жерлеринде жамгырдын жааганы мал кармоону, чарба иштерин татаалдаштырат. Ал эми шаар жерлеринде автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындайт. Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүк жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.