2016-жылдын 9 айынын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине жеке медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча жарандардан 19 арыз түштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары күнөөлүү тараптарга жөнөтүлдү, ал эми эки ишкана боюнча материалдар укук коргоо органдарына жиберилди. "Катталбаган дары-дармектерди, медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатуу боюнча 166 500 сом айып пул салынды. 41 административдик иш сот органдарына жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.