Эртең, 4-октябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Тоголок Молдо, Манас, Керимбеков, Фрунзе, Логвиненко, Исанов, Бөкөнбаев көчөлөрүндө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Мындан сырткары №1-Тиш дарылоо поликлиникасында, Бишкек техникалык колледжинде, №70-мектеп-гимназиясында, Орусиянын элчилигинин имаратында, №184-балдар бакчасында таза суу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы жана "Бишкек суу-канал" башкармалыгы жашоочуларды ашыкча суу камдап алууга чакырат.