Бишкекте бош орундар жарманкеси орун алып, иш издөөчүлөргө 2000 жумуш орду сунушталды. Ага 40 жумуш берүүчү ишкана катышты. Жумуш издеп келгендердин жалпы саны 1000ден ашты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендердин басымдуу бөлүгү 18 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жарандар болушту. Кайрылгандардын 13 пайызы ашпозчу, 10 пайызы кондитердик фабрикалардан иш издегендер.