60 бажы кызматкерине 648 миң сомго кол сааттар сатылып алынганы жатат

Өкмөткө караштуу "Мамлекеттик бажы кызматынын камсыздоо борбору" мекемеси 648 миң сомго кымбат баалуу кол сааттарды сатып алат. Маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 3-октябрда аталган мекемеден тастыкташты. Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинген жарыяга таянсак, 11-октябрда сынакка катышууну каалаган тараптардын документтерин кабыл алуу башталат.

Сатылып алынган сааттар декабрь айынын аягында Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бажы кызматкерлерине белек катары берилет. Мырзаларга 40, айымдарга 20 даана кол саат сатылып алынат. Сааттар кварцтык механизмде, боосу кайыш, корпусу алтын жалатылган жана Swarovski ташы тагылган болушу шарт. Ошондой эле сөзсүз Швейцариядан чыгарылган болушу керек.

Өлкөнүн карызы 4 миллиард долларды чамалап, экономикасы аксап турган маалда өкмөттүк органдар ири суммаларды белектерге короткону жатат. Эл төккөн салыктын эсебинен бажы кызматкерлерине 10 800 сомдук сааттар тартууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
eldar.
2016-10-03 15:29:38
"100 миңге сатып алганы жатабыз, калганын сол чөнтөкө" деп эле айтаптыр ачыгын. Биз деле туура түшүнөт элек.
+15
bektemiroff994
2016-10-03 15:38:59
eldar.,конуп калганбыз да э?))
+9
aseras
2016-10-03 15:39:01
Саат таккыла ар убакта саатты караган сайын карапайым элдин ХХХ ХХХ ХХХ
+18
admin_portal
2016-10-03 17:36:38
aseras, этика нормаларын сактаңыз!
-13
aliko78
2016-10-03 15:40:33
Эн бир акылсыздыктын жеткен чеги. Бажы кызматкерлери и так солго согуп турушат.
+15
frunze777
2016-10-03 15:58:41
Бажы менен казынаны толтурат деп тарабын албай эле койгула, элдин баары билет бизде бажы кандай иштээри... Мисалы 10млн сомдук мамлекетке бажы салыгы толонуучу жерде анын 2миллиону казынага тогулот, ал эми 8млндун ордуна 3-4 миллион пара алып "сол чонтокко" жымырышат... Эгер бажы кызматы таза иштегенде Кыргызстан эбак эле оноло баштамак... Бажы тармагы ото коррупциялашкан "майлуу" орун болгону учун ал жакка жумушка кируу учун чоон тааныш жана ото эле чон суммада пара керек...
+9
frunze777
2016-10-03 16:02:07
Ошол учун да бажы тармагында бут байдын балдары иштейт, бажы тармагында иштеп кедей жургон бироону кезиктиргенинер барбы же? Дагы тарабын алып коюшат!!! Бийликке наалат кундо оюн-кулку, той менен жашоосу отуп жаткан эл кыйналып жатса алар карыз устуно карыз алып тойлоп... Азыр бийлик эл менен абсолютно эсептешпей Акаев, Бакиев убагынан бетер кутуруп жатышат коздорун май басып...
+9
tursunbaev78
2016-10-03 16:50:29
frunze777,толук кошулам
+5
koozu
2016-10-03 16:25:11
Кыргызтандын карызын ойлосон ыйлай турган бир кезде ушулар зарыл бекен а? Кочмондор ойуну..Референдум откорууго 317 миллион сом керектелет экен булар бир чекеси эл билбегени канча..байкуш кыргыз Элим
+3
modern-group
2016-10-03 16:30:27
северэлектро жайында колго эс алууга барууга 2000000 сом сарптады. андайды корбойсунор . анан эле жарым миллионго саат алып жатыптыр десе эле секире калчу жайынар бар экен. корсотулгон сааттын баасы дагы эн арзаны экен.
-12
abusait
2016-10-03 16:38:22
modern-group,андан коро 600 мугалимге айлыгына 1000 сомдон кошуп койсо эл ыраазы болмок.
+6
modern-group
2016-10-03 16:50:20
abusait,ошол северэлектронукун болуп берсе болбойт эле да а?
-5
Asan-aka
2016-10-03 16:54:16
modern-group,ичин ачышса алып бер лз чонтогундон
0
frunze777
2016-10-03 18:28:22
modern-group, бироо мажбурлап атабы алып бер деп!!! Арзаны деп койот дагы... Аларга саат алып бергиче бажы тармагын жоюп салса чон сооп болот же ал ишке такыба молдолорду жумушка алуу керек акыретин ойлоп куноо кылуудан корккон...
+2
Asan-aka
2016-10-03 16:53:22
раса адам экенго булар бажыда иштемектен омар хаяямдын он колу болсо каарылар уйуно жетимдер уйуно беришсе болбойт бекен
Кайсы акыбалынарга он минсомдун саат алып бересинер эшек иштейт ат жейт болуп атасынар да ашатып соккум келди сайттын талаптарына тууру келбейт да болбосо апасынан кирип атасынан чыгат элем
+8
mishonia8077
2016-10-03 22:24:11
Asan-aka,Айтпаныз,мен да ооло ашаткым келип атат.Админ бан деп салабы деп атам.Аман эле болгула.Уялбай калышты бул бийликтегилер откондо атын очкур арак алып атышса эми саат
+2
Asan-aka
2016-10-03 16:55:57
кайсы кенкелес келесоонун чыгармасы экен бул нерсе
и так аларда акча тизеден
+6
Kroxa
2016-10-03 17:24:39
60 саатты ошондо 648 минге алышса ар бири 10800сомдук саат тагынышат экен да,биздин олко учун,уят эле америка,россияны туурап кайда барабыз олконун карызы чачтан коп а булар белекке саат тагынышат имиш...60 гул 60 громата эле жетмек 100 жылдык берсенер дагы:-P:-):-)
+7
MUSLIM-81
2016-10-03 20:28:41
Таза манкуртко булар.
+1
baltabaev
2016-10-03 23:55:01
Качанга чейин ушундай?
+2
Moskva.kg
2016-10-04 01:46:07
Окунучтуу кабар экен мамлекет деп куйгон патриот адамдар жокбу бизде ошол суммага газ,комур алсак болбой беле элдин камын ойлонуш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан