Жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору парламенттик комитетте 3-окууда талкуусуз жактырылды

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Бул документ талкуу жараткан жок. Комитеттин мүчөлөрү аны бир добуштан колдошту.

Айта кетсек, сунушталган мыйзам долбоору жашы жетпегендердин өмүргө, ден соолукка, билим алууга жана алардын эң төмөнкү нике курагына жетүүгө укугун коргоого, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган. Жашы жетпегендер менен никеге турууга жол бербөө балага жубайлык зомбулуктун бардык мүмкүн болуучу түрлөрүнөн, анын ичинде кара күч, психикалык жана сексуалдык зомбулуктан коргоого көмөктөшөт. Мыйзам долбоору ар кимдин жубайын эркин тандап алууга жана мажбурлаган никелерден коргоо укугун ишке ашырууга да багытталган.

Эгерде нике курагы жөнүндө Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, мыйзам долбоору жашы жетпегендер менен диний нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
limuna
2016-10-03 15:47:55
Эн туура
+5
frunze777
2016-10-03 15:52:00
Мен колдойм
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан