Талас облусунда жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Талас облусунун Манас районуна караштуу Май айылында жаңы мечиттин ачылуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечиттин курулушуна "Табарак" кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган. Курулуш үчүн Манас районунун Май айылынын тургуну Малик Искак уулу жеке жер тилкесин бөлүп берген. Мечиттин курулушуна жергиликтүү курулушчулар тартылган.

Мечиттин ачылуу салтанатына катышкан Талас облусунун казысы Таалайбек Бапиев: "Май айылында буга чейин мечит болгон эмес эле. Мындан ары айыл эли ыйман жолуна түшүп, аксакалдар жаштарды ыйман жолуна чакырат деген ойдобуз. Мечит курулганга чейин айылдыктарда жоопкерчилик аз болсо, мындан ары Кудай алдында жоопкерчиликтүүбүз. Жаштардын адеп-ахлагын жогорулаткан ыйык жай болсун", - деген каалоо-тилегин билдирген.

Салтанаттын жүрүшүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл эли жана дин өкүлдөрү катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bodibilding
2016-10-03 17:16:48
МашАллах
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан