Улуттук банктын төрагасы: "Өлкөдөгү көпчүлүк ири дүкөндөрдө баалар доллар менен эмес, сом менен көрсөтүлө баштады"

"Өлкөдөгү көпчүлүк ири дүкөндөрдө баалар доллар менен эмес, сом менен көрсөтүлө баштады", - деди бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Анын айтымында, жакын арада өлкө аймагында бардык дүкөндөр бааларды сом менен көрсөтүүгө өтүш керек. "Ишкерлерибиз кирешени сом менен алышат, аларга сом менен иштөө ыңгайлуу. Валюта курсунун улам-улам өсүшү-түшүшү түбөлүк болбойт. Учурда сомдун курсу турукташып калды", - деди Абдыгулов.

Депутаттар аны доллардын кескин кымбаттап кетпөөсүнүн алдын алуу үчүн валюта рыногуна көз салып турууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
frunze777
2016-10-03 18:23:14
Коруп жатабыз, 5000$ машине 5000сом деп жазылып турат, тушунгону тушунуп жатат, тушунбогонуно "анкайба, 5000сомго машине болчу беле" дешет оздору жазып алып... Айтор показуха...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан