Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин маңдайында "Алтын түстөгү бий" аттуу социалдык акция уюштурулду. Анын алкагында жардамга муктаж болгон карыларга жана "Ардагер" борборунун улгайган адамдарына алардын жаштык кезин эске салган пионерлер тууралуу сахналаштырылган көрсөтүү коюлуп, 1960-жылдардагы музыка ойнотулду. Анда иш-чаранын бардык катышуучулары ретро бийин бийлешти.
Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Римма Султанова буларга токтолду: "Алтын түстөгү бий" аттуу социалдык иш-чара өлкөбүздө улгайган адамдарга арналган айлыктын алкагында өтүп жатат. Максаты - алардын бири-бири менен байланышуусуна шарт түзүү, жалгыздыктан тартып чыгуу. Турмуштун түрдүү кырдаалдарынан улам жалгыз калгандар көп, кимдир бирөө менен байланыштын жоктугу алардын негизги көйгөйлөрүнөн болуп саналат, андыктан бул күнү биз болушунча аларга жакшы маанай тартуулоого, жаштык кезин эстетип, көңүлдүү эс алып кетүүсүнө шарт түзөбүз".
Ал эми акция эмне үчүн "Алтын түстөгү бий" аталганын адамда да алтын курак болорун жана учурдагы алтын күз менен байланыштырганын кошумчалады Султанова.
Ошондой эле "Рио" социалдык бий мектеби карыларга бекем ден соолукта жашоо үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасатып, андан кийин баарын бийге чакырып, кызуу бийлеп жатышты.