Орусиянын президенти Владимир Путин 3-октябрда Кызыл китепке кирген Пржевальский жапайы жылкысын көбөйтүү менен алектенген "Оренбург" коругуна барды. Орусиялык басылмалар жазгандай, ХХ кылымда жылкынын бул түрү дээрлик жок болуу чегине жеткен. 1957-жылы маршал Климент Ворошилов Монголияга иш сапары менен барганда ага талаадан акыркы кармалган Пржевальский жылкысын белек кылышкан.
Ат минүү - президент Путиндин эски хоббилеринин бири. Басылма, президенттин көптөн бери атка мине электигин белгиледи. Орусия лидеринин жылкыга байланыштуу окуялары сүрөттөрдө.
Владимир Путин 2015-жылы Франциядан алынып келинген жапайы жылкыларга жем берүүдө. "Абдан сулуу, укмуш жаныбарлар экен" деген президент колдогу жылкы менен жапайы жылкынын айырмасы мынчалык чоң болорун билбегенин айтты.
2001-жыл. Германиянын канцлери Герхард Шрёдер жубайы менен Москвада конок болушкан. Аларды Путин атка чегилген чанада көпкө сейилдеткен.
Верхние Мандроги кыштагындагы маданий-этнографиялык борбордо. Президентке биринчи тулпарды 2000-жылы Орловск облусунун мурунку губернатору белек кылганы айтылат. Маалыматка таянсак, андан кийин Башкортостандын, Кыргыз Республикасынын президенттери жылкы тартуулашкан. Кыргыз өлкөсүнөн берилген күлүк Гүлсары деп аталган.
2002-жыл, балдардын ат-спорттук мектебинин ачылышында. Бул жолу Путин ээрге отурган эмес.
Путин иш сапарынын алкагында Франциянын Бордо шаарында. 2003-жыл.
Орусия лидери ат минүү менен эс алары белгилүү болгондон кийин ага араб жылкыларын белек кылуу күчөгөн. 2002-жылы Иорданиянын падышасы дароо Ибн Маруфа, Хакима жана Айзис деген 3 тулпар тартуулаган.
2003-жылы Путин Алтай тоолорунун аймагында бир нече күн эс алган.
2005-жылы Калмыкияда өткөн көргөзмөдө Путинди баарынан мурун сүрөттөгү жылкы кызыктырган. Жылкы менен бир саамга "сүйлөшүп", аны өпкөн.
Орусия президентинин белгилүү жылкыларынын бири - Вадик. Анын бою болгону 57 сантиметр. Муну 2005-жылы Казань шаарынан тартуу кылышкан.
2008-жылы Путин туулган күнүн Тува тоолорунда өткөргөн. Сүрөт ошондо тартылган.
2009-жылы Путин 1 күндүк эмгек өргүүсүнө чыгып, Тувага барган. Ал жерден жергиликтүү чабан менен таанышып, чабан Путинди үйүнө конокко чакырган. Чакырган жерге ат менен барышканы, Орусия лидери чабандын баласына кол саатын чечип берип белек кылганы айтылат.
2010-жылы Путин Хакасияга иш сапары менен барып, Караташ аймагында ат минип сейилдөөгө убакыт тапкан. Үстүндө хакастардын улуттук кийими.
Тува, 2010-жыл. Путин жаныбарларды коргоо акциясында.