Өлкө боюнча 5,3 миң гектар жерге күздүк дан эгиндери себилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин 167,5 миң гектар аймакка себүү тапшырмасы берилген. Ал эми 14,5 миң гектар жерге арпа себүү каралган.
"Учурда берилген план-тапшырманын аткарылышы иш жүзүнө ашырылууда. Көрсөтүлгөн жер аянттарына дан эгиндерин себүүдө 15 миң тонна дизелдик отун керектелет. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 13 миң гектар жер айдалып, 5,3 гектар аймакка күздүк эгин себилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.