Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

2016-жылдын 4-октябрында Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл аймагынын чыгышындагы айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 1-октябрь күнү ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан