SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Балдардын кан төгүлгүчө согушканын карап тургандарын..." деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Grey).
Видеодо кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы көрсөтүлөт. Алардын айланасындагылар ажыратуунун ордуна кайра кайраштырып, "ур, саба, жанч" дегендерин көрүүгө болот. Ансыз да зомбулук көбөйгөн заманда чоңдордун кичинекей балдарды бири-бирин аябай кан төгүүгө мажбурлаганы видеону көргөн ар бир адамды терең ойго салары талашсыз. Ал эми кичинекей балдар жаны ооруганына, ыйлаганына карабай "согушууну" улантышат.
Интернетке видео "Кыргыз балдар" деген аталыш менен чыкса, интернет колдонуучулары тегеректеги үн каткандардын сөзүнө маани берүү менен Өзбекстандын аймагында тартылган видео болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.