Саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков 3-октябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атага курулган ипподром боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, ипподромду курууга республикалык бюджеттен 1 миллиард 584 миллион сом жумшалган. Аталган сумманын жумшалганы тууралуу Каржы министрлигинин документин жарыялады.
"Президент жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы иш-чара демөөрчүлөр тарабынан каржылана турганын бир нече жолу айтышкан. Ошондо булар жалган айткан болуп калыштыбы?" - дейт Кадырбеков.
Белгилей кетсек, министрликтин документинен Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана чагылдырууга да бюджеттен миллиондогон сомдор каралганын көрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын карызы учурда 4 миллиард долларга жетти. Дүйнөдөгү ири каржы уюму - Эл аралык валюта фонду өлкөнүн тышкы карызынын соңку жылдары кескин өсүп жатышы кооптуу жагдай экенин эскертүүдө. Акчаны сарамжалдуу пайдаланууну мамлекет жетекчилиги өзүнөн башташы керек. Айрыкча салык төлөөчүлөрдүн эсебинен топтолгон бюджеттик каражатты.