"Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жоюу бийликтин чоң катачылыгына айланышы мүмкүн", - деген пикирин бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Акаев жана Бакиевдин убагында аталган кызмат бир нече жолу жоюлуп, кайра түзүлгөн. "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңгизаттар Орусияга, Казакстанга, Европа мамлекеттерине өтөт. Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча эл аралык фонддордун маалыматына таянсак, өлкөбүздө 25 миңге жакын баңги катталган. Бул көйгөй менен күрөшө турган жана өзүнүн чыгашаларын өзү актап жаткан мамлекеттик кызматты Коргоо кеңеши жоюуну демилгелеп, Ички иштер министрлигинин алдында жаңы кызматты түзгөнү жатат. Бул бийликтин чоң катачылыгы болот. Ички иштер министринин орун басарларынын биринин жеке кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иш болушу мүмкүн. Реформа керекпи? Анда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматты жойбой эле, ички курамын кыскарталы же керектүү техника алып берели", - деп сунуштады Казакбаев.
Мындан тышкары депутат Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрүп, ага тиешелүү мекемелерди чакырып, өз позициясын билдириши керектигин айтты.