5-октябрда Бишкекте Япониянын 17 ири ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда инфраструктуралык долбоорлор боюнча форум өтөт

5-октябрда Бишкекте сапаттуу инфраструктура боюнча кыргыз-япон форуму орун алат. Иш-чаранын максаты - эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, өкмөттүк деңгээлде жана жеке сектордун деңгээлинде инфраструктураны өнүктүрүү.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, форум Япониянын өкмөтүнүн "Сапаттуу инфраструктура үчүн кызматташтык: Азиянын келечеги үчүн инвестиция" долбоорунун алкагында уюштурулууда. Программанын алкагында Япония өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте алдынкы 5 жылда бул тармакка 200 миллиард доллар сарптайт.

Форумга Япониянын 17 ири ишканасынын өкүлдөрү катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан