Астанада чоочун тойлордо жорткон алдамчыны издешүүдө

Күз келип, тойдун көптүгүнөн баш адаша турган мезгил. Мындай тойлордо эмне кызыктар гана болбойт... Казакстандын Total.kz басылмасы үйлөнүү тойлорунун биринде болгон алдамчылык тууралуу жазып чыкты. Маалыматта белгисиз жигит чоочун адамдардын тойлоруна барып, курсагын кампайтып, бийлеп-ырдап чер жазып, аягында коноктордун бир-экөөнөн "чалып алайын, телефонуңузду берип туруңузчу" деп телефонун алып, аны ээсине кайтарбай из жашырып кетип жатканы жазылган. Социалдык тармактарда белгисиз адамдын куунак маанайда тартылган сүрөттөрү жарыяланып, издөө жүргүзүлүп жатат.

"Урматтуу колдонуучулар! Астанада өткөн тойлордун биринде белгисиз адам 2 меймандын кымбат баалуу телефондорун "чалып алайын" деп сурап алып, бербей качып кеткен. Аны таанып калгандар бар экен. Кийин тойдо тартылган сүрөт, видеолорду карап чыгып, күмөн жараткан "коноктун" өзүбүздүн кишидей эс алып жүргөнүн көрдүк. Ал адамды той ээлеринен эч кимиси тааныбайт экен. Эгер тоюңардан ушул кишини көрүп калсаңыздар кабарлап коюңуздар", - деп жазылат постто. Социалдык тармактардын колдонуучулары той ээлерине меймандардын тизмесин тактап турушу керек экенин эскертип жатышат.

Кыргыз-казак тойлору дээрлик окшош эле болору талашсыз. Андыктан, "чоң тойдо кыз жоголот" дегендей, мекендештерибизге дагы этият болууну эскертебиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
BlackMan
2016-10-04 12:39:39
андай Кыргызстанда деле бар бирок биздики ыймандуу телефон урдабай эле курсактарын кампайтып кетип калышат. )))
+32
Nur1k
2016-10-04 13:00:06
BlackMan, биз дагы ошто ошентчубуз балдар менен. Смело кирип курсакты кампайтып, чыгып кетчубуз
-9
shamshiev.80
2016-10-04 14:02:48
Nur1k,жыргачуу экенсинда
+6
Rifle_S
2016-10-04 14:13:12
Студенттерге боло берет.
+13
white_angel
2016-10-04 12:40:50
))))биздин тойдо да эч ким тааныбаган бироо журуптур жыргап,аны кийин видеодон коргонбуз.
+14
Lion.
2016-10-04 12:51:13
Жакшы маалымат экен.
+4
tashi62
2016-10-04 13:30:31
Мындайлар толо
+7
tuigan.
2016-10-04 15:43:25
Анан эмне той откорсок сен кыз тараптанбы же бала тараптан келдинби деп ар бир кирген кишиден сурап отурмак белек.)))
+6
aiba_00
2016-10-04 15:55:13
Од души жыргаган го, кой коноко барып келейин деп чыгат ко э уйунон кастюм шымды кийип туруп.
+4
Kroxa
2016-10-04 16:05:34
Кыззыкко а тааныган бироо жарым же видео камерага тушом деп ойлобойбу??бекер тамакко ичсин мейли тойдо тамак толтура эле болот бирок столдор ченелип берилет го аттары жазылып,кантип бироонун ордун ээлеп отурат:-):-):-)
+1
KyrgyzKagan
2016-10-04 16:52:11
Kroxa, Аттары жазылбайтго, анан 300-400адам келсе баарын атын кайдан билмек. Баланын атасынын коллегалары же кыз тараптан деле ушул сыяктуу адамдардын атын кантип билмек. Куудулдар айткандай бала кыз тараптан. Кыздын туугандары бала тараптан деп ойлойтго. Сураса деле ошентип коет. Оштода толтура порядочный бомждар коп кирет.)))
+2
salihalady
2016-10-04 16:28:22
Ошто аялдар да бар буга окшогон
+2
tynkatar03
2016-10-04 17:03:01
дагы бир тойдо таанып калгандар курсагыны жарат го эми))
+2
fanatka19
2016-10-04 18:24:23
Бизде эми көбөйбөсө болду))
+1
Danel
2016-10-04 22:23:45
Озуда Дынкыйып алыптыр)))
Эччнерседен ою жок, эки колду которуп журотко)))
+1
nazira1989
2016-10-04 22:49:06
Тообааа...))))
+1
Deniza88
2016-10-04 22:59:26
Ха хаааааа бир жылмайып алдым!!!!! Курсагы гооо Макул, итак ашкан тамак аштарды тогуп салышат, телефон уурдап кеткени жаман экен
+2
Nasyrkg
2016-10-05 08:19:18
Мындайларды таза шумшук байт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан