Жеке турак жай департаменти тарабынан Кара-Жыгач токоюнун чыгыш жагында мыйзамсыз үйлөр курулуп баштаганы аныкталган. Кийин департамент Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына мыйзамсыз курулушка чара көрүү боюнча кат жолдогон. 2,2 гектар келген аймак кийин "Бишкекмелькомбинат" ишканасынын балансында болгону аныкталган.
Мэриядан кабарлашкандай, аталган департамент "Бишкекмелькомбинат" ишканасына жерлердин басылып алынып жатканы тууралуу маалымдап, курулуштар сүрдүрүлдү.