Салык кызматы Албек Ибраимовдун аялынын фирмасы боюнча өзүнүн мурунку маалыматын четке кагууда

Мамлекеттик салык кызматы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аялынын ишмердүүлүгү боюнча өзүнүн мурунку маалыматын четке кагууда. Тагыраагы, мэрдин аялы Айнура Ибраимованын "TM-ORLAN & Group" компаниясы авиацияга күйүүчү май ташуу менен алектенбей турганын билдирди. 24.kg агенттиги жазгандай, буга чейин аталган кызмат депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроо-талабына кайтарган жообунда мэрдин аялынын фирмасы авиация жана автоунаага керектүү күйүүчү майларды ташуу, автоунаага май куюучу жайларды (АЗС) ижарага берүү менен алектенерин ырастаган.

Мамлекеттик салык кызматы эми бул маалыматын четке кагып: "Компания түзүлгөндөн бери авиация жана автоунаага керектүү күйүүчү майларды ташуу менен алектенген эмес. Салыктар күйүүчү май сатууга байланышпаган ишмердүүлүктүн эсебинен түшкөн кирешеден төлөнгөн", - деп билдирүүдө.

Мекеме тарабынан депутат Шыкмаматовго берилген жооп:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Urmat_83
2016-10-04 14:26:34
Албек ала бер бекитип дегендей экенсин да.Атына заты жарашкан мэр экенсин
+1
modern-group
2016-10-04 14:49:54
бул справканы жондон жон бере албайтго налоговый служба. озгорто да албайсын бул автоматтык турдо басылып чыгат. качууга жол жоктойго урматтуу мер. налоговый службанын порталына кирип ИНН терсен автоматтык турдо баары басылып чыгат. ооой бааай таймс жашыргандан не пайда тушунбойм.
+1
omor.86
2016-10-04 15:40:36
Азыркы бийликтин акыбети...
0
Kroxa
2016-10-04 16:19:35
Кайдагы бизнес аялында окмоттун эсебинен жеп байышат,,булар озу эмгек кылып мандай терин агызып акча таппай калышты го кыргызстандагы кайырчылар булар биздин чиновниктер,,эл берип эл багат буларды...
+2
almaz2880
2016-10-04 16:42:05
К.Султанов президентикке койсо КЫРГЫЗСТАНДЫ вечный кризистен чыгармак АШАны тегеригиндеги жеп ичкен алдагыга окшогон шакалдар кетсе жакшы болмок
+4
almaz2880
2016-10-04 18:58:11
Кайсы денгээлине жеткен саясатчы Кыргызстанда кыйратып жатат бироону айткылачы результат корсоткон. Султанов 2-3 жылда жон эле элчи болуп. иштеп Кыргызстанга коп нерсе кылды Саясатчынын денгээлинен эмес .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан