Материалдык резервдер фонду кампадан курттаган ун табылганы тууралуу маалыматты четке какты

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда курттаган ун табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында Мамлекеттик резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабеков билдирди.

"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутатынын "унда курт жүрөт" деген айыптоолорунун негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин лабораториясы текшерип, адамга зыяндуулугу жок экенин, ундан курт табылбаганын тастыкташты. Алар "талапка жооп берет" деген жыйынтык чыгарышты", - деп билдирди Жумабеков.

Эгерде фонддун кампасындагы ундан курт табылып, адамдарга зыян алып келсе, анда жоопкерчиликти өз моюнуна аларын айткан төрага эки министрликтин лабораториясынын чыгарган чечимине таянарын билдирди.

"Ундан курт чыкты" деген маалыматтарды буга чейин өз жумушун толук кандуу аткара албай жумуштан алынган кызматкерлер чыгарып жатышат. Биз эфирлерден берилип жаткан, маалымат булактары тарабынан жазылып жаткан материалдар боюнча тийиштүү кызматтар менен байланышып, материалдардын калп же чын экенин тактоосун суранабыз", - деп кошумчалады Жумабеков.

Эске салсак, Мамлекеттик резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабековго "кызматтагы өз милдеттерин жеткиликтүү аткарган эмес" деген айып менен сөгүш берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gul3ina
2016-10-04 21:31:59
Артын тазалашты да э.Откондо Акундан ун алганбыз 1 чакага жетип жетпей таза экен калганы бут курттап кетиптир.нандын ачуусу укмуш эми жегенге болбойт.Айла жок токтук.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан