Бишкекте №4-троллейбустун айдоочусу улгайган аялды сүйрөп кетти

Бишкекте бүгүн, 4-октябрда №4-троллейбустун айдоочусу артты чагылдырган күзгүсү жок болгондуктан, улгайган аялды сүйрөп кеткенине күбө болдук. Троллейбустун ичиндеги жүргүнчүлөр айдоочуга кыйкырып, кырсык болгонун эскертишти.

Айдоочуга кайрылганыбызда: "Жолдо дарактарды бутап жатышыптыр. Троллейбустун күзгүсү дарактын бутагына тийип сынып калды. Эми күзгүнү оңдомоюнча бул унаа менен адам ташууга жол берилбейт. Азыр жүргүнчүлөрдүн баары түшкөндөн кийин унаанын күзгүсүн оңдоймун. Ал эми аялды сүйрөп кеткенимди көрбөй калдым. Дагы жакшы, жабыркаган жок", - деди.

Өзүн Марта Мансурходжаева деп тааныштырган жүргүнчү: "Коомдук транспорттун мындай абалда жүрүүсү кооптуу. Унаанын күзгүсү жок болгондуктан, айдоочу жүргүнчүлөрдүн троллейбуска түшүп жатканын таптакыр көрө албайт экен. Жаңы гана чоң кырсык болуп кете жаздады. Тез аранын ичинде мындай абалдагы коомдук унааларды калыбына келтириш керек", - деди.

Унаадан түшүп, күзгүсү жок троллейбусту жылып кеткенче карап турдук. Эшиги ачык турган унаага шашып бараткан жүргүнчүлөрдү көрбөй, эшигин жаап айдап кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyrgyz_girl
2016-10-04 17:29:07
Кудай чон сактаптыр!
+3
Medina87
2016-10-04 22:22:20
Бул жерде айдоочунун айыбы чон!!
Дагы жакшы Кудай сактап ал аял аман калыптыр.
Айдоочу "Акчанын" артынан тушпой, троллейбусунун айнегин жондотууну ойлош керек болчу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан