Билим берүү жана илим министрлиги "мугалимдердин орточо айлыгы 14 миң сом" десе, Экономика министрлиги "9 миң сом" дейт

Мугалимдердин орточо айлыгынын көлөмү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Экономика министрлиги көрсөткөн сандар эки башка болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, өткөн аптада парламент жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү мугалимдердин орточо айлыгы 14 миң сомго барабар деп билдирген. "Бүгүн Экономика министрлигинин өкүлү мугалимдердин орточо айлыгы 9 миң сом деп жатат. Кимдики туура? Мен 14 миң сом айлык алган бир да мугалимди тааныбайм", - деп кайрылды вице-премьер-министр Олег Панкратовго депутат. Панкратов Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, мугалимдердин орточо айлыгы 9233 сомго барабар деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
tynara81
2016-10-04 16:48:09
Ушул маалымат бир аз чындыкка дал келет окшойт))
0
adimyrza
2016-10-04 17:26:53
30 жылдан ашык мектепте иштеп келе жаткан атам 6500сомчо айлык алат 14мин айлык алат экен деген мугалимди уга элекмин
+2
koozu
2016-10-04 17:43:12
Орточо айлык акы 5000
+1
hadizat
2016-10-04 18:19:25
Кошула албайм бул пикирге дагы мен өзүм мугалиммин
+4
hadizat
2016-10-04 18:23:07
Чындап эле 9000 болсо, бизге анын баары жетпейт, жолдон ар кимиси четинен жулмалап, үлүш алып калышат. Билим берүү башкармалыктарындагы бухгалтерлерде иштин баары.
+5
tynara81
2016-10-04 19:05:15
hadizat,мен да кесибим боюнча мугалиммин, бирок учурда Россиядамын. Мени менен кошо иштеген эже учурда 10 миңден ашык алып атканын айткан эле. Дагы бир эже 2 мектепте иштеп, 15 миңдей алат экен. Келиним бала бакчада иштейт, 10 миң алат.
0
tynara81
2016-10-04 19:08:17
hadizat,Келиним дегеним, инимдин аялы. Ушуларды угуп, мугалим болуп иштесемби кайра деп калдым ле да, комментарийлер ал оюмдан кайтарып койгонсуду)).
+2
Kira81
2016-10-04 21:58:58
Апам 8000сом алат,стаж 36жыл
+2
nazira1989
2016-10-04 22:56:10
Окуу жылы башталып баштала элек алган айлыгындан класстык,тарбиялык журнал сатып аласын,алардын баасы 250 сомдон,классына пол жууганы тряпка аласын,ушул кантип болсун...Дагы мынаннча алат деп ооз коптуруп суйлогондон уялсанар.
0
nazira1989
2016-10-04 22:58:27
Бишкектен текшеруу келет дегенде журнал,ручка,сызгыч,очургуч,карандаштан бери келип калат,алар келип кетээри менен баягы эле мамайдын кору...
0
altunbek78
2016-10-05 00:05:55
Булар кайдагы 14минди айтып жатат, бир саатына 54 сом эле азыр 60сом доцент болсон 65сом саатына жумасына 30саат отсон, айына 120саат*60=7200сом бирок жумалык нагрузка 20саатын айланасында. орточо 5500-6000сом болот. Окунучтуу бул мектеп мугалимдери учун, а кесиптик лицейлерде бир оклат мастердики ср 4600сом, выс 6000сом, техничка кароолдорго 3000сом.
0
altunbek78
2016-10-05 00:08:31
Окмоттун 2014-жылкы токтому барго айлык акыны чегеруу боюнча, ошондо так жазылган.
0
Kroxa
2016-10-05 13:12:50
Башталгыч класста аяшым 20 жылдан бери иштейт,мурда тарбия завуч эле азыр башталгыч классты алып алган акчасы кобуроок деп 12000 алат экен,,завучту откоруп салган..
0
Stervamyn
2016-10-05 19:12:43
Уффф достали ушул ХХХ!кайдагы 14 000?!менин апам да мугалим эле.айлыгы 7000 ге жетпеген акча болчу.эртеден кечке нервин коротуп,канча деген нерсени уйротот мугалимдер анан алган айлыгы....башка жумушка да кире алышпайт.неблагодарная работа!
0
admin_portal
2016-10-06 10:56:05
Stervamyn, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан