Өлкөдө 822,4 миң тонна жашылча жыйналып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жашылча түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 41,6 миң тоннага көп жыйналган. Ал эми быйыл 27,8 тонна пахта терилди. Пахта 2015-жылга салыштырмалуу 3,6 миң тоннага көп өндүрүлгөн.
“Учурда 1000 гектар аянттагы кант кызылчасы жыйналып бүттү. Жалпы көрсөткүч 51 миң тоннаны түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24 миң тоннага көп”, - деп билдирди басма сөз кызматы.