Орусияда Өчпөс отко шорпо бышырган адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Брянск облусуна караштуу Новозыбков шаарында белгисиз адам Өчпөс отту газ катары пайдаланып, чакага шорпо бышырмакчы болгон. Айланадагылар анын аракетине каршы чыгып, токтотууга аракет жасашкан, бирок ал аларды уккан эмес.
Учурда полиция бейбаштык жасаган сүрөттөгү каарманды издөөдө. Ошол эле учурда сүрөттү интернеттеги социалдык түйүнгө жайгаштырган аял да белгисиз. Ал полицияга кайрылган эмес. Полиция ал аялдан окуяны билүүнү көздөгөн.
Азыркы учурда эксперттер эстеликке зыян келтирилгенин же келтирилбегенин карап жатышат.