Ош шаарында 2 жаштагы жоголгон кыз табылып, апасына кайтарылып берилди

Ош шаарында 2 жаштагы жоголгон кыз табылып, апасына кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2 жашар кыз шаарда жалгыз жүргөн. Милиция кызматкерлери аны жакынкы милиция бөлүмүнө алып келишкен. Кызматкерлер кыздын ата-энесин 18 саат бою күтүшкөн. Андан соң наристени балдар үйүнө жеткиришкен.

Белгилүү болгондой, кызды апасы кечке чейин өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпаган соң түн ичинде милицияга кайрылган. Наристенин апасы Кара-Суу районунан келип, шаарда жашагандыгы аныкталган. Кыздын атасы жумушта болгон, апасы жакынкы базарга азык-түлүк сатып келүүгө чыгып кеткен. Үйдө кичинекей кыз менен калган агасы уктап калган. Мындан улам ал көчөгө чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан