Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө кулап калган темир тосмо бүгүн оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди.
"Биздин башкармалыкка кечээ, 4-октябрда темир тосмонун кулап калгандыгы боюнча билдирүү келип түштү. Биздин кызматкерлер чыгымды эсептеп чыгышты. Тосмону унаа сүзүп кеткендиги аныкталды. Бул боюнча милицияга күнөөлүүнү табуу боюнча кат аркылуу кайрылдык. Адистердин айтымында, жалпы чыгым 33 миң сомду түзгөн", - деп билдирди Ибраимов.
Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Фучик көчөсүнө орнотулган темир тосмо 2400 метрди түзөт. Ал эми тосмону орнотууга кеткен чыгым 15 миллион сомду чапчыйт.
"Буга чейин жол четиндеги жашоочулардан жолдогу унаалардын ызы-чуусунан сактоо максатында тосмо тосуу боюнча кайрылуу түшкөн. Ошондой эле сентябрь айында өткөрүлгөн саммитке байланыштуу шаардын көчөлөрүн кооздоо максатында тосмо орнотулган", - деп кошумчалады Ибраимов.
"Фучик көчөсүндө кулап калган темир тосмо бир жумадан бери оңдоло элек" деген билдирүүнү окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 4-октябрда билдирген.