Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору 3-окууда каралууда.
Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, сунушталган мыйзам долбоору жашы жетпегендердин өмүргө, ден соолукка, билим алууга жана алардын эң төмөнкү нике курагына жетүүгө укугун коргоого, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган. "Эгерде нике курагы жөнүндө Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деди Салянова.
Депутат Зиядин Жамалдинов жазага тартыла тургандардан молдолорду алып салууну сунуштады. "Ата-энелер молдолорду өздөрү суранып чакырышат. Молдо келип куран окуп кетет. Кийин милиция кантип анын күнөөсүн далилдеп бере алат? Молдо эч кандай кагаз бербейт да. Балким, ал конок катары болуп келген. Мындан тыкшары милиция ар бир тойду текшерүүгө милдеттендирилет", - деди Жамалдинов.
Аида Салянова аймактарда жакыр үй-бүлөлөрдө жашы жете элек кыздарды нике тургузуу көп болуп жатканын айтты. "Кызды никеге тургузууда эң активдүү ролду ата-энеси менен молдо ойнойт", - деп жооп берди Салянова.
Депутат Акылбек Жапаров бул мыйзам менен прокурорлорго, милиция кызматкерлерине коррупциялык механизмдерге жол ачыларын билдирди. "Ар бир үй-бүлөгө чабуул башталышы мүмкүн. Кыргыз жергесинде салттар сакталбаса, үйлөнүү үчүн Орусияга кеткендер да болот", - деген оюн айтты Жапаров. Демилгечи Салянованын түшүндүрүшүнчө, өлкөдө балдары менен көчөдө калган аялдардын көйгөйү эрте никеге туруудан пайда болууда.
Айта кетсек, бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев.