Рита Карасартова референдумга каршы арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат

Укук коргоочу Рита Карасартова референдумга каршы арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу арыздануучу өзү бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына билдирди. Карасартова жазган арызын Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун карабай коюшуна макул эмес.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын райондор аралык соту укук коргоочу Рита Карасартованын доо арызын кабыл алуудан баш тарткан. Ал Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо боюнча парламенттин тармактык комитетинин 27-сентябрдагы корутундусун жараксыз деп таануу жөнүндө арыз менен кайрылган болчу. Соттун түшүндүрмөсүндө комитеттин корутундусу сунуштоо мүнөзүндө экени жана Жогорку Кеңешке кандайдыр бир конкреттүү милдет жүктөбөй турганы, укуктук жактан маселе жаратпасы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2016-10-07 07:12:06
Референдумга каршы кынк этип койгондор черный списокко кирип атышат, бул ачык эле зомбулук эмеспи??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан