Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын айылдагы мугалимдердин кийингени тууралуу терс пикир айтканы интернеттеги социалдык тармактарда катуу сынга кабылды. Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинин отурумунда "Аймактардагы мектептерде мугалимдер саанчылар менен чабандарга окшоп кийинишет. Мугалимдер туура кийиниши зарыл. Алар үчүн бирдиктүү форма киргизилиши керек. Окуучулар алардан үлгү алып, сыйлай башташат" деп айтканы маалым болгон.
Интернет колдонуучулар Мусабекованын айтканы тууралуу төмөнкүнү жазышууда: "Депутаттарды эл арасында эч ким сыйлабастыгын Мусабекова билбейт окшойт. Ал деле мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары боюнча билбейби? Айылдагы мугалимдердин урматына эстелик тургузуу керек болуп калды. Алардын акчасы нанга жетпей жатат, депутаттардай кооз кийингенге кайдан жетсин".
Айта кетсек, буга чейин дагы бир депутат Гүлшат Асылбаеванын “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүүсү ММКларга жарыялангандан кийин сындардын чабуулунда калган эле.