Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров өлкөдөгү мектептерде математика сабагынын сааты кыскартылганына нааразычылыгын билдирди.
"Мектептерде математика сабагы аптасына 6 сааттан 4 саатка кыскартылып, коом таануу жана ыйман таануу боюнча сабактар кошулуптур. 21-кылым санарип технологияларынын мезгили болгондуктан, окуучуларга математика көбүрөөк окутулушу керек. Финляндиянын тажрыйбасын изилдеп, окуу системибизди түзөтүшүбүз зарыл", - деп сунуштады Жапаров.
Мындан тышкары депутат быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 62 пайызы жалпы республикалык тестти тапшыра албаганын билдирип, Билим берүү министрлигине бул маселеге көңүл бурууну тапшырды.