Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, майрамдык салтанатка КРнын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Түркия, Орусия, Казакстан, Тажикстандан келген расмий өкүлдөр жана шаар тургундары катышышты.
"Майрамдык иш-чара шаардын өнүгүшүнө салым кошкон социалдык, экономика, өндүрүш тармактарынын өкүлдөрүнүн салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Андан соң борбордук аянтта театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик программа тартууланды. Анда “Байыркы Ош шаары - Улуу Жибек жолунун маданий борбору” аттуу тарыхый көрүнүш, “Бактылуу балалык”
хореографиялык-музыкалык композициялары, 500 комузчунун аткаруусундагы “Маш ботой” күүсү, “Устат-шакирт” фольклордук ансамблинин композициялары, жаштардын бийи орун алды. Майрам бүгүн кечинде борбордук стадиондо чоң программадагы концерт менен уланат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.