Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленгенден кийин борбордук аянттан 40 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жумушчулары түнкү саат 03:00дө жумушка чыгышкан. Борбордук аянтты тазалоого 15 кызматкер жана атайын техникалар бөлүнүп иш аткарган.
"Бүгүнкү майрамдан кийин борбордук аянтта түшүм жарманкеси өткөн. Жумушчулар бул аймактан мөмө-жемиштердин, айыл чарба азыктарынын калдыктарын жана башка таштандыларды тазалашты. Бул күнү кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте шаардын тазалыгын камсыздоо аракетин көрүштү", - деп билдирди басма сөз кызматы.