Бишкек. Зымга илинип калган дарактын кесиндиси жекшемби күнү алынат

Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде зымга илинип калган дарактын кесиндиси жекшемби күнү алынат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкери Жаныбек Жумашев билдирди.

"Дарак өсүп жатканда ичине чубалгы кирип, зымды курчап өсүп калган. Аны кыйып жатканда чубалгыны чыгара албай, даракты эки тарабынан кыйып салганбыз. Ошол себептен кесинди зымга илинип калган. Эми аны жекшемби күнү алып таштайбыз", - деди Жумашев.

Эске салсак, бүгүн, 5-октябрда окурман "Элдик кабарга" дарактын бутагы зымдарга илинип, кооптуу болуп турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bektemiroff994
2016-10-05 18:20:09
))))))) эмне именно жекшемби куну?
+2
Arslan12
2016-10-05 18:35:42
Жекшембиге чейин кырсык болбойт деп ким кепилдик бере алат?!
+1
Kroxa
2016-10-05 19:12:02
Шамал болуп бугун туну куласа ким жооп берет..мен кечее бугун Караколдун центры болгон токтогул кочосунон жарнак темирдин жарнагы машинага жете салбырап турганын коруп уят дедим канчалаган туристеи журушот,,анан тушто кайра бери кнле жатып элдик кабарга жонотойун кимдин бпшына тушот деп кутуп жатышабы десем жок кран келип чыгып ондоп жатыптыр,ии деп ыраазы болдум,бирок точно 2 кун турду мен коргондон..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан