Ош облусуна болгон сапарыбызда Өзгөн шаарына да бардык. Шаарда эл көп экени дароо байкалат. Жергиликтүү тургундардан тышкары шаарга тегерегиндеги айылдардан келип иштегендер көп.
Өзгөн шаары - деңиз деңгээлинен 1025 метр бийиктикте жайгашкан эң байыркы шаар. Анын учурдагы аймагына эл биздин заманга чейин II-I кылымдарда отурукташа баштаган. Алгачкы жолу Өзгөн шаары тууралуу IX-X кылымдарда араб, фарс тилдериндеги булактарда жазылган. Генетик Ысмайыл Салимов калаанын аталышы Өгүз хандын атынан коюлганын айтат.
"Өгүз хандын аты, ал эми "кент" түрк тилинен "шаар" деп которулат. "Өгүзкент" деп аталып келе жатып, "Өзгөн" болуп калган. Тарыхый маалыматтар боюнча, 766-жылы Алтай чөлкөмүнөн тогуз өгүз тайпасынан карлык, ягма, чигил уруулары Чүй өрөөнүндө согдуларды чаап, Өгүз хандын атасы Кара хандын атынан Караханиддер мамлекетин негиздешкен. Азыркы түрктөр, жергиликтүү өзбектер карлык, уйгурлар ягма, түркмөндөр чигил уруусуна кирет. Алар 846-жылы ислам динин кабыл алышат. 940-жылдары ушул аймакка карлыктар менен жакшы мамиледе болгон кыргыздар көчүп келишкен. Ал эми кытай тилинде калаа "Ю" деп аталган, "куур чеп" деп которулат", - дейт Ысмайыл Салимов.
Улуу Жибек жолу Өзгөн шаары аркылуу өткөндүгү - алгачкы өзгөчөлүгү. Ал доордо Өзгөн Кытайга эң жакын жайгашкан шаар болуп, кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, алгачкы тыйын акчалар чыгарылган. XIII кылымга чейин Караханид мамлекетиндеги Фергана дубанынын борбору болгон. X-XII кылымдарда шаардын аянты 12-15 чакырымга жетсе, учурда 9 гектар 200 сотых. Орто кылымдардын аягында шаардын аймагы кичирейген. XIX кылымдын башында Кокон хандыгына өткөн. Кыргыз өлкөсү Орусиянын курамына киргенден кийин Анжиян уездине карап калган. 1924-жылдан Ош округундагы Өзгөн болушунун, 1928-жылдан тарта Өзгөн районунун борбору болгон.
Өзгөн эки дарыянын ортосунда жайгашкан. Жыл өткөн сайын шаардын калкы өсүп, учурда 55 миңге жетип, калаага батпай бараткандай. Көп улуттуу шаардын тургундарынын 90 пайызы өзбек, 7-8 пайызы кыргыз, калгандары орус, уйгур, түрк, татар жана башка улуттагылар. Тарыхый комплекстерге бай, көп улуттуу шаар болгондуктан, коопсуздугу алгачкы орунда турат.
Өзгөн шаары Улуу Жибек жолунда жайгашкандыктан, ири соода борборлору көп болчу. Күндө калаа аркылуу жүздөгөн соодагерлер өтүп, аларга жакшы шарттар түзүлгөнүн буга чейин табылып, бирок изилденбей жаткан курулуштар далилдөөдө. Мындан улам соодага болгон жөндөмдүүлүк жергиликтүү тургундардын канына сиңип калгандай.
Жогоруда белгиленгендей, шаардын коопсуздугу алгачкы орунда турса, эл көп чогулган шаардык базардагы коопсуздук, андагы тартип өзгөчө көзөмөлгө алынууга тийиш.
"Базар ичи негизинен кооптуу. Өрт чыгып, тополоң, түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Андай учурларда кооптуу сигнал алгач бизге түшөт. Атайын ыкчам топ чакырылган жерге тез барып, тартипке салып, күнөөлүүлөрдү күч органдарына тапшырат. Бул бөлмөбүздө базар ичин камералардын жардамы менен көзөмөлдөп турабыз. Кызматкерлерибиз формада болуш үчүн атайын спорттук машыктыруучу зал менен камсыздаганбыз", - дейт Күзөт мекемесинин башчысы Марс Керимакунов.
Өзгөн базарынын өзгөчөлүгү - соодагерлердин ар бир кардарга индивидуалдуу мамиле кылганында. Соодагерлердин көпчүлүгү жер-жемиштерин коюлган баадан төмөндөтүп сатууга макул. Алардын бири Айсулуу Турушова коон, дарбыз Өзгөндө салмактап эмес, дааналап сатыларын айтты.
"Коондорду салмактап эмес, дааналап сатабыз. Мырза-Чөлдөн алып келебиз. Базарда көп жылдан бери иштейм. Өзгөндүн байлыгы, күрүчү менен сыймыктанабыз", - деген Турушова чыгармачылык топту коондорунан ооз тийүүгө чакырды.
Буга чейин жазылып келгендей, Ош шаарында гана эмес, Өзгөндө да тамак-аш арзан сатылат. Базардын ар бир бурчунан тамактануучу жайларды жолуктурууга болот. Кызыгы, алардан киши үзүлбөйт. Кээ биринде кардарлар кезекке туруп калышат. Албетте, анын баары санитардык нормаларга жооп берет дегенден алыспыз. Эт азыктары да башка азык, буюмдардын арасында сатыла берерин байкадык.
Базарда 20 жылдан бери иштеген 66 жаштагы Абдулазиз Абдуллаев кыргыз-өзбек мамилеси жакшы экенин айтат.
"Менин оюмча, кыргызсыз өзбек, өзбексиз кыргыз жашай албайт. Эки элдин ынтымагы жакшы. Эл эмне менен алек болсо, ошого көнүп калат. Андыктан Өзгөн эли соодага шыктуу", - дейт Абдуллаев.
Өзүнүн саткан кымызы накта кымыз экенин айткан Меликан Келдибекова Бабур айылынан бери келип иштейт.
"Өзгөн - эски шаар. Эли акылдуу, ыймандуу. Өзбек эли менен ынтымакта иштешип, куда-сөөк болуп келгенбиз. "Айдын он беши жарык, он беши караңгы" дегендей, ортодо тополоң болду, бирок биз туруштук бердик. Биринчиден, кыргыздар өзгөчө салым кошуп, экинчиден, өзбектер да өз кезегинде туруктуу болушту. Бул да болсо элдин ынтымагын, биримдигин көрсөттү", - дейт Келдибекова.
Ошондой эле ал Өзгөн жерин бейиш менен салыштырып, жашылча-жемиштердин түрү өсөрүн баса белгилеп, аракеттенгендер жакшы жашаарын, өзгөндүктөрдүн аракети күчтүү экенин кошумчалады.
Өзгөн өзүнүн күрүчү менен белгилүү. Базарда күрүчтүн түрүн саткан атайын жай бар. Анын өзгөчөлүгү - суу көтөрүмдүүлүгү жана мыкты даамы. Дыйкандар күрүчтөрүн башка шаарларга да жөнөтүшөт.
Албетте, ар бир шаардын өзүнүн көйгөйү бар, Өзгөндү да көйгөйсүз шаар деп атоого мүмкүн эмес. Шаарда канализация менен суу көйгөйү бар. Калаанын аймагына кирген жалгыз Жаңы-Өзгөн конушунун бул күндө 3 көйгөйү бар.
"Тургундардын көбү таза сууга жетпейт. Суу түтүктөрү конушубузда бар болгону менен, суу жетиштүү көлөмдө келбейт. Суу чыккан үйлөргө барып кезекке туруп алгандар бар, бирок ал жакта да чыкпай калат же алыс болуп калат. Андайда сууну арыктан алып, ар кандай оорулардын алдын алуу максатында кайнатып ичебиз. Таза суу менен камсыздап беришсе жакшы болмок", - дейт Саламат Мамытова.
"Шаарга караштуубуз, буга байланыштуу салыкты да шаардыкындай төлөйбүз. Мэр калаанын ичин гана карайт, "сыртын ким көрмөк эле" дейби, четине көңүл бурбайт. Азыркы мэр мурунку мэрдин отчётун гана окуп коёт. Жолубузду жок дегенде грейдер менен сүрдүрүп койбойт. "Өзгөндүн өгөй балдары" кылды бизди", - дейт Шакир Таңырыков.
"Мектеп да жок, бала бакча да жок. Кышкысын балдарыбыз суукта, караңгыда жол жүрүп кыйналышат. Балдарды мектепке алып барыш үчүн шаарга ташыйбыз. Бала бакчага бара турган балдардын энелери иштей албай, бала менен үйдө отурушат", - дешти тургундар.
Бул конуштун тургундарынын көйгөйлөрү боюнча шаардын вице-мэри Маматбек Тайлаков төмөнкүлөрдү билдирди:
"Ал конушка таза суу жеткирилген, түнкү жарыктарды орнотобуз. Суу маселеси боюнча кайрылышпашы керек эле. Ал эми жол маселесине токтолсок, быйыл бир жолуна асфальт төшөө пландаштырылган. Бала бакчанын орду, долбоору бар, каражат да бөлүнгөн. Былтыр балдардын саны жетпей калгандыктан, курулган эмес. Быйыл да бул маселе каралып, балдардын санын тактайбыз", - дейт вице-мэр.
Ошондой эле Маматбек Тайлаков шаарды кеңейтүү керектигин айтып, канализация маселесине токтолду.
"Калаабыз 20 кварталдан турат, 8 мектеп бар, 2 мектеп кыргыз тилдүү, 1 мектеп орус тилдүү, калгандары өзбек тилдүү, бирок кыргыз класстар бар. 3 бала бакча бар, жетишпейт, жаңы салышыбыз керек. Көйгөйлүү маселе - канализация маселеси. Ал үчүн суу тазалоочу кампанын орду белгиленсе, эки-үч жылда Европалык банктын каржылоосунда салынат.
Өзгөн шаары эки дарыянын ортосунда кысылып, калкы да кысылып жатат. Калк көбөйүп жатат, аны менен кошо элдин талабы да жогорулоодо. Бир түрдүү калк жашайт дегенден алыс болушубуз керек. Эл канчалык көбүрөөк аралашса, ошончолук ынтымактуу болот. Шаар кичинекей, базарда айылдардан келгендер да тиричилик кылышат. Күндө келип иштегендердин саны көп. Кичинекей базардан бири-бирин жөөлөп өтүп калышат, түшүнбөстүктөр болот. Мындай нерселер бардык жакта эле бар. Мисалы, айылда деле коңшулар урушуп кетишет, ал айтылбайт. Өзгөндө уруш болсо эле улуту айтылып калат. Андай болбош керек. Ал үчүн бардык бытыранды базарларды четке чыгарып, жергиликтүү калк менен айылдардан келген адамдарды аралаштырыш керек", - дейт Тайлаков.
Тарыхы кызыктуу Өзгөндүн соодага жөндөмдүү, аракетчил, маанайы ачык эли конокторго өзгөчө унутулгус элестерди калтырат. Көп улут жашаган шаардын тургундары бири-бирине сылык мамиле кылып, ынтымакта жашап келишет. Алар өздөрүнүн шаары тарыхы менен сыймыктанышат. Ал эми бул шаардын "фишкасы" болгон Өзгөн мунарасы тууралуу кийинки репортаждарыбыздан окуй аласыз.